Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Таазим сага, мугалим!"

Нарын областынын Ат-Башы районунда  "Таазим сага, мугалим!" аттуу салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Салтанатка Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,   мекеме- ишканалардын жетекчилери,  айыл өкмөт башчылары,  жана райондук кесиптик бирликтин мүчөлөрү катышышты.

Ат-Башы райондун акими Э. Абдыкадыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О. Солтобаев жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К. Керималиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Мыкты мектеп", "Мыкты бала бакча" конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, "Мыкты мектеп" конкурсунун жеңүүчүсү болуп Калкан Керималиев мектеби, ал эми "Мыкты бала бакча" конкурсунун женүүчүсү деп  "Ак-Жар Сезими" бала бакчасы табылды.

Иш-чаранын соңунда райондун алдыңкы кызматкерлерине республикалык, облусттук, райондук кесиптик бирликтин грамоталары, төш белгилер жана кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети