Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Ден-соолук-2023" спартакиадасы

2023-жылдын 4-мартында 8-март Эл аралык айымдардын күнүнө карата Таш-Көмүр  шаардык билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирлик комитети менен биргеликте мугалимдер арасында спартакиада болуп өттү. Спартакиадага Таш-Көмүр шаарынын мэри Келсинбек Бектемиров жана шаардык кеңештин төрагасы Сагынбек Кудайбердиев спартакиаданын ачылыш аземине катышып, оюнчаларга ийгиликтерди каалашты.

Мелдеш волейбол, стритбол, шахмат жана теннис оюндары боюнча өттү. Спартакиадага таш-көмүр шаарындагы билим берүү тармагына караган 12 мектепке чейинки мекеме уюмдар жана 14 жалпы билим берүүчү орто мектептердин командалары катышып, төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:

I орун - Темиркул Үметалиев атындагы орто мектеби;

II орун - Арстаналы Осмонбеков атындагы орто мектеби;

III орун - Токтогул атындагы орто мектеби.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Таш-көмүр шаардык комитети