Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамы ЖАМУда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетини бардык түзүмдөрүнүн баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин жана социалдык иштер боюнча адистердин биргелешип уюштуруусу менен Нооруз майрамына карата иш–чаралар өткөрүлдү.

Э.Уметов атындагы педагогика факультетинде майрамдык иш-чара окуу жайдын ректору К.Усеновдун куттуктоосу менен башталып, үзүрлүү эмгектери үчүн кызматкерлерге републикалык деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылып, ЖАМУнун дипломдору менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда салтанаттын ажарын ачып, Нооруздун көркү болгон сүмөлөк таркатылып, аксакалдар батасын беришти. Университеттин өнөрпөз таланттарынын чоң программадагы концерти көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. Нооруз майрамы медицина факультетинде да шаңдуу белгиленип, Салтанатка Индия, Пакистан, Непал жана башка өлкөлөрдүн студенттери да катышышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин кызматкери Н.Баитова