Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү

21-март Нооруз майрамына  карата, улуттар аралык мамилени жана достукту чыңдоо максатында Базар-Коргон районундагы айыл аймактар жана мекеме-уюмдардын арасында “Волейбол” жана “Кичи футбол” боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.

 

Мелдештер Базар-Коргон районундагы төрт мектепте өттү.

Мелдештин максаты:

- улуттар аралык мамилени жана достукту чыңдоо,

- айыл аймактар менен мекеме-уюмдар арасында достукту өркүндөтүү,

- ден-соолукту чыңдоо.

Иш-чарага  Базар-Коргон районундагы  мекеме-уюмдардын, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин жана  мектеп жетекчилери, райондогу айыл аймактардан, мекеме-уюмдардан келген спортчулар, анын ичинде билим берүү уюмдарынан куралган команда да катышты. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети демөөрчүлөрдүн бири болду.

 

Мелдеш кызыктуу болду. 1-2-3 орунду алган жеңүүчүлөр  диплом жана сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Материалды  даярдаган: К. Асыранкулов