Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нооруз майрамы

     Базар-Коргон районунун Билим жана илим кызматкерлеринин Базар-Коргон райондук профсоюз уюму жана билим  берүү бөлүмү тарабынан жылда Нооруз майрамынын алдында өткөрүүлүүчү сүмөлөктүн 5-сап катары 20-март күнү өткөрүлдү.

     21-март Нооруз майрам күнү эрте менен эрте бышырылган сүмөлөктөн КР. Жогорку кеңешинин 6-чакырылышындагы депутаты Масабиров Таалай Айтмаматович, Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов Айбек Карыбекович, райадминистрациясынын башчысынын 1-орун басары Тиллекеев Каныбек Аттокурович, соц.тармак боюнча акимдин орун басары Замира Адишовна, КР. эмгек сиңирген  эл артисти Кубик Калыков, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тыныч Жумабекович, Билим жана илим кызматкерлеринин Базар-Коргон райондук профсоюз уюмунун төрагасы Жаркымбаев Суйун Сариевич, аксакалдар жана мекеме уюмдарынын жетекчилери, сүмөлөктү даярдаган мугалимдер жамааты бышырылган сүмөлөктөн ооз тийишип, аксакалдар  билим берүү тармагына жана райондун элине жакшылыктарды каалап баталарын беришти.

     Нооруз майрамы Базар-Коргон районунда быйыл өзгөчөлөнүп, оюн зоок, ыр бийлер чыгармачылык менен  уюштурулуп ошондой эле №7 М.Мамбеталиев гимназия мектеби жана №14 1-Май гимназия мектебинин мугалимдер жамааты Ч. Айтматовтун 90-жылдыгына карата анын чыгармалары сахналаштырылып элге тартуулашты. Иш чаранын акырында КР. эл артисти Кубик Калыков ырларын тартуулады.

     Билим жана илим кызматкерлеринин Базар-Коргон райондук профсоюз уюмунун төрагасы Жаркымбаев Суйун Сариевич  райондун мекеме-уюмдар жетекчилерин жана  мугалимдер жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктады.

Журок жылып , жылмаюну тартуулайт.
Жаз келгени берсин ыйман аруулап.
Кирип келген Нооруз майрам кут болсун, 
Баарыбызга жакшылыкты тартуулап.
Ар бир уйдо наристелер ойносун.
Максат, кыял, ой-тилектер орносун.
Ата-эне ден соолугу чын болуп.
Жакшы ишти алла озу колдосун.
Кирип келген Нооруз майрам кут болсун.