Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсин!

2018-жылдын 26-октябрь Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  «Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсин» аттуу окуучулардын илимий- практикалык конференциясы өткөрүлдү. Биринчи туру ар бир айыл аймакта өткөрүлүп жеңүүчүлөр райондук турга катышуу укугуна ээ болушту.  Райондук турга төмөнкү окуучулар катышышты жана слайддар менен презентация жасашты.

№ 22 Абдрахманов а.о.м. окуучусу Талантбек кызы Нуриза – Ноокен районунун  тарыхы;

№ 25 “Кызыл-Туу” а.о.м. окуучусу Сайпидинов Сүйүнбек – Ноокен районунун санжырасы;

№ 11 Э.Алиев а.о.м. окуучусу Анарбаева Акмарал-Ноокен районунун белгилүү инсандары;

№ 6 Арал а.о.м. окуучусу Орозбеков Исабек-Ноокен районунун билим берүү тармагы;

№1 Ж. Бөкөнбаев а.о.м. окуучусу Бердибекова Айбике-Ноокен районунун физикалык –географиялык абалы;

№ 13 Рахманжан а.о.м. окуучусу Тургунов Өмүрбек-Ноокен районунун айыл чарбасынын өнүгүүсү;

№ 10 К.Абдразаков а.о.м. окуучусу Эркиналиева Динара-Ноокен районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсү; 

Илимий практикалык конференцияга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, орун басары Н. Бекжигитова, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, КР нын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, драматург, журналист О. Станбеков, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин тарых мугалими М. Умарова, Райондук этнографиялык музейинин башчысы А. Исаков, Ноокен жаңырыгы газетасынын редактору Б. Раимбекова, Дил газетасынын редактору С. Стамбековдор катышышты.                                                     

Жыйынтыгында № 22 Абдрахманов а.о.м. окуучусу Талантбек кызы Нуриза жеңүүчү деп табылды. II орун  № 25 “Кызыл-Туу” а.о.м. окуучусу Сайпидинов Сүйүнбек, III орун № 11 Э.Алиев а.о.м. окуучусу Анарбаева Акмарал.

Жеңүүчүлөр жана катышуучулар Ноокен райондук администрациясынын жана Ноокен рай БББнүн атайын белектер, димлоп жана сертификаттар менен сыйланышты.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров