Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендин бала бакчаларынын кызматкерлери Таласта

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин иш планына ылайык профсоюз мүчөлөрүн Кыргызстандын табияты кооз, тарыхый аймактары менен таанышуу максатында жыл сайын салттуу түрдө эс алуусу уюштурулуп келе жатат. Саякат сапарда Таластагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде болуп, ал жерде Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, “Манас” эпосунун музейи жана Талас жергеси менен таанышуу менен жыйынтыкталды.

Кыргыз эли үчүн Манас жана анын күмбөзү, “Манас” эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), жер аттары ж.б. ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат. Ошол себептен Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да уланууда.

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинен жакшы таасир менен кайтып келишип келечек муундарды тарбиялоодо алган жакшы таасирлерин кеңири колго алып, жаш муундарды патриоттук сезимдерде, Ата Мекенди сүйүүгѳ тарбиялоодо алып келген билим, тажрыйбаларын колдонушат деп ишеним билдиребиз.

Ошондой эле эс алууга барып келген профсоюз мүчөлөрү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловго, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго, Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго терең ыраазычылык билдиришип, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши багытындагы иштере ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Тилек Бакиров