Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендик мугалимдер Таласта

2023-жылдын 12-14-июль күндөрү Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин «Жайкы эс алуу - 2023» иш-чараларынын алкагында райондун аймагындагы мектептердин мугалимдери, тех.кызматкерлери, жалпы 55 профсоюз мүчөсү Талас областындагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексин жана башка тарыхый жерлерин зыярат кылышты.

Бул иш-чаралар мугалимдер жамааты Кыргызстандын табияты кооз, тарыхый аймактары менен таанышуу максатында жыл сайын салттуу уюштурулуп келе жатат.  Саякат сапардын жүрүшүндө Таластагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинде болуп, ал жерде Манастын күмбөзүн зыярат кылып, “Манас” эпосунун  музейи жана Талас жергеси менен таанышуу менен жыйынтыкталды.

Кыргыз эли үчүн Манас жана анын күмбөзү “Манас” эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.

Ошол себептен Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда.

Мугалимдер Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинен жакшы таасир менен кайтып келишип келечек муундарды тарбиялоодо алган жакшы таасирлерин кеңири колго алып, жаш муундарды патриоттук сезимдерде, Ата Мекенди сүйүүгѳ тарбиялоодо алып келген билим, тажрыйбаларын колдонушат деп ишеним билдиребиз.

Ошондой эле эс алууга барып келген мугалимдер, профсоюздун борбордук, областтык жана райондук жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров