Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендеги семинар

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан “Жамааттык келишим жана анын аткарлышын камсыздоонун иш тажрыйбасы” темасында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына эки күндүк семинар өткөрүлдү.

Семинардын биринчи күнү №3 Р.Алибаев атындагы орто мектебинде райондогу мектептердин   баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери үчүн, ал эми 2-күнү балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери үчүн болду.

Семинарда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында жамааттык келишимдердин  аткарылышын камсыз кылуу, эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө маселелери каралды. Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун инспектору Т.Бакиров жамааттык келишимдердин  түзүлүшү, анын аткарылышын камсыз кылуу боюнча слайд аркылуу маалымат берди.

№3 Р.Алибаев атындагы орто мектебинин профкому Н.Маруфова өзүнүн кесиптик бирлик уюмунда түзүлгөн жамааттык келишим менен тааныштырып, анын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча сөз сүйлөп, бул багытта аткаралып жаткан жана пландалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Ошондой эле алдыда пландалып жаткан кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуу иш-чаралары менен тааныштырды. Семинар суроо-жооптор менен коштолуп, жыйынтыкталды.     

   

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптики бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров