Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде Нооруз

    2017-жылдын  21-мартында  Ноокен  районунун  борбору  Масы  айылынын   борбордук  аянтында  “Ыйман, адеп  жана  маданият  жылынын”  иш-чараларынын    алкагында  «Нооруз-2017»  майрамдык  азем  өткөрүлдү. Аземде Масы,  Шайдан, Ноокен аймактарынын  мектептери  жана  бакчаларынын, Масы, Кочкор-Ата   балдар  чыгамачылык   үйлөрүнүн  жамаатары тарабынан  улуттук  тамак-аштардын, көл  өнөрчүлүк  эмеректеринин  көргөзмөсү  уюштурулду. Улуттук,  спорттук  оюндар, бийлер,  көрүнүштөр   майрамдык  шаң  менен  өттү. Жыйынтыгында  1-орунду  Масы, 2-орунду  Ноокен,  3-орунду  Шайдан аймактарынын  катышуучулары  ээлешип,  Ноокен  райадминистрациясынын, Ноокен  райБББ  менен    райКБКнын  акчалай  сыйлыктарына  жана  Ардак  Грамоталарына  татыктуу  болушту. Азем  катышуучуларга  руханый  күч  кубат  берип,  жаңы  максаттарга  багыт  берди.

Материалды  даярдаган:Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.