Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жыл мугалими - 2023” кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Ноокен районунда 2023-жылдын 3-4-март күндөрү “Жыл мугалими-2023” сынагынын райондук туру өткөрүлдү. №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Маданбекова Сайкал  жеңүүчү деп табылды.

Ал эми II орунду Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин математика мугалими Орунбаев Заир, III орунду өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө, эмгек тажрыйбасына карабай №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Нуркулова Нурзалина  ээледи. Ошондой эле, сынактын катышуучулары өз ишине болгон жөндөмдүүлүгү, чыгармачылык чеберчилиги, ар кандай өзгөчөлүктөрү жана аткаруучулук жөндөмүнө ылайык номинациялар боюнча сыйланышты.

“Мыкты мастер класс” номинацияна №22 Б.Абдрахманов атындагы орто мектебинин мугалими Ысмаилов Азамат, “Мыкты сабак” номинациясына №17 “Кыла” орто мектебинин мугалими Осмонова Самара, “Мыкты интеллектуал” номинациясына  А.Торогелдиев атындагы орто мектебинин мугалими Календеров Нургазы, “Чыгармачыл мугалим” номинациясына №24 О.Каипов атындагы орто мектебинин мугалими Жакшыбаева Дилбар ээ болушту.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук төрагасы К.Нышанов жана ошондой эле мектеп директорлору, мугалимдер катышышты.

“Жыл мугалими - 2023” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Ноокен райондук комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. Андан сырткары Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жеңүүчүгө Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаториясына эс алууга жолдомо тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров