Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жыл мугалими - 2022” кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

2022-жылдын 14-май күнү “Жыл мугалими-2022” сынагынын чечүүчү туру өткөрүлдү. Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын райондук турунда 8 катышуучу катышып,  №6 “Арал” орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Тухтаева Ёркинай Азимжановна жеңүүчү деп табылды.

2-орунду өзүнүн жаш өзгөчөлүгүнө, эмгек тажрыйбасына карабай №34 “Жазгак” орто мектебинин башталгыч класс мугалими Эгемова Бактыгул Алтынбековна ээледи.

3-орунга №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин математика сабагынын мугалими Эрмамат кызы Дарыгүл татыктуу болду.

Ошондой эле сынактын катышуучулары өз ишине болгон жөндөмдүүлүгү, чыгармачылык чеберчилиги, ар кандай өзгөчөлүктөрү менен аткаруучулук жөндөмүнө ылайык номинациялар менен сыйланышты.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов катышты.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө окуучуларды предметтик олимпиадага даярдоодо жетишкен ийгиликтери үчүн Юлдашева Гульчехра Дыйкановна - № 6 “Арал” орто мектебинин физика сабагынын мугалими;

Юсупова Зулайка Сатыбалдиевна-№11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими;

Турсунбаева Нуржамал Мухтаржановна - № 12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан сырткары “Жыл мугалими - 2022 ” кароо-сынагынын айыл аймактар боюнча өткөн турунда 2,3-орунду ээлеген мугалимдерге, жана райондук турдун женүүчүлөрүнө жана катышуучуларын Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров