Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде областтык окуу семинары болуп өттү

2019-жыл - Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык  ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү жана  илим кызматкерлерин жана  жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык  максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы, жер-жерлерде профсоюздун  ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын  инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүү аркылуу  күчөтүү боюнча Борбордук Комитет тарабынан токтомдор  кабыл алынып, иш чаралар бекитилген.  Анын алкагында 12-март күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу № 16 Турусбеков атындагы орто мектебинде  окуу семинары болуп өттү.

Анда обкомдун  төрагасы А.Исмаилов, обкомдун  уюштуруу бөлүмүнүн  башчысы А.Бегматов, обкомдун  инспектору  А.Айдаров, финансы бөлүмүнүн башчысы  З.Сулайманов жана райшааркомдордун  төрагалары, бухгалтерлери, укук  жана  эмгекти коргоо  боюнча инспекторлору катышышты.

Семинардын жүрүшүндө обкомдун инспектору А.Айдаров  укук коргоо иштери жана эмгекти коргоо, коопсуздук  техникасынын  нормаларынын  аткарылышын  көзөмөлдөө, жаштар менен иштөө жана  маалымат иштерди  уюштуруу, балдар эмгегин пайдалануунун алдын  алуу  чаралары, профсоюздук ишмердүүлүктө гендердик  саясатты ишке  ашыруу сыяктуу тематикада  материалдарды слайддар аркылуу тааныштырды.  Мен укук жана эмгекти коргоо инспектору  катары пайдалуу маалыматтарды, сунуштамаларды  ала алдым. Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго жана жалпы аппарат кызматкерлерине өз ыраазычылыгымды билдирем.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

 Т.Бакиров