Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде Нооруз

    2018-жылдын  21-мартында  Ноокен  районунун  борбордук  аянтында  2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын  иш-чараларынын   алкагында  «Нооруз-2018»  майрамдык  аземи  өткөрүлдү.  Аземде Масы,  Шайдан, Арал жана Сакалды  айыл аймактарынын  мектептери  жана  бакчаларынын  жамааттары тарабынан  улуттук  тамак-аштардын, кол  өнөрчүлүктөрүнүн    көргөзмөсү  уюштурулду. Улуттук  оюндар, бий, ырлар, көрүнүштөр  майрамдык  шаң  менен  өттү.                                                                                                                                       

   Жыйынтыгында  1-орунду  Масы, 2-орунду  Шайдан,  3-орунду  Арал  аймактарынын  катышуучулары  ээлешип,  Ноокен  райондук администрациясынын акчалай  сыйлыктарына  жана  Ардак  грамоталарына  татыктуу  болушту. Ноокен райондук администрациясынын башчысы Э. Маматаев аземдин катышуучуларын  майрамдары менен куттуктады. 

 Материалды  даярдаган: Ноокен  райКБКнын

 тескөөчүсү   Т. Бакиров