Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мугалимдердин секциялык иши онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Ноокенде мугалимдердин секциялык иши онлайн түрүндө өткөрүлдү.

2020-жылдын 21-август күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин предметтик мугалимдеринин 2020-2021-окуу жылы үчүн секциялык иштери болуп өттү.

Секциялык иш предметтик мугалимдер жана тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, социалдык педагогдор, директорлор үчүн болуп өттү.

Ар бир предмет боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары, усулдук бирикме жетекчилери предметтик мугалимдерге жаңы окуу жылы үчүн тапшырмаларды бөлүштүрүп беришти. Секциялык иш жылдагыдан айырмаланып, онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Предметтер боюнча секциялык иштерди уюштуруу мугалимдердин усулдук чеберчилигин өстүрүү, бири-бири менен тажрыйба алмашуу иштерин жайылтууга жакшы өбөлгө түзөөрү анык.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Р. Орозалиев