Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мугалимдердин иш кагаздарын кыскартылуусу боюнча семинар өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругунун негизинде мугалимдердин "Иш кагаздарын кыскартуу" боюнча Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан атайын иш-чара өткөрүлдү.

Анын негизинде 2021-жылдын 18-январь күнү Момбеков айыл аймагында жайгашкан №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин базасында семинар уюштурулуп, анда директорлор, окуу бөлүмүнүн башчылары жана уюштуруучулар катышышты.

Семинарга келген катышуучулар иш кагаздар менен толук тааныштырылып, мектептеги ар бир мугалимдерге жеткирүү жагы мектептердин окуу бөлүмүнүн башчыларына тапшырылды. Мектептерде ушул иш кагаздар боюнча атайын бурчтарды  уюштуруу  тапшырмасы берилди.

Ноокен райБББнүн усулчусу Р. Орозалиева