Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир күндүк иш чара өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 225-б буйругу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын    2-июлундагы № 651 буйругу жана 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 934 буйругу, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы   № 256-б буйруктарынын негизинде 28-сентябрь күнү Масы айылына караштуу   № 1 Ж. Бөконбаев атындагы орто мектебинде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир күндүк иш чара өттү.  

Иш чара Ноокен райондук № 55 өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-абад областтык башкармалыгынын башчысы полковник А. Закиров,  Ноокен райондук Администрациясынын башчысы-аким  Э.Маматаев, орун басары К. Камбаралиев жана айыл өкмөттөрдүн башчылары, мекеме иш каналардын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Ноокен райондук № 55 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан өрт өчүрүү жана авариялык куткаруу иштери көрсөтүлдү.

Андан сырткары  № 1 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары тарабынан “Жаш өрт өчүрүүчү” аттуу мелдеш  өттү. Мелдеште убакытка карап өрт өчүрүүчүнүн күжүрмөн кийимин кийүү, суу жеңчесин 40 метр аралыкка тартуу, гидранттан суу берүү боюнча күч сынашты. Мелдештин жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланышты.

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү

Т. Бакиров