Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде комуз күнү белгиленди

2021-жылдын 9-сентябрында Ноокен районунун борбордук аянтында кыргыздын улуттук музыкалык аспабы болгон “Комуз күнү” белгиленди. Комуз – бул жан дүйнө жарчысы. Кыргыз элинин музыка маданиятынын эң бай булактарынын бири - элдик күүлөр болуп саналат. Элдик күүлөрдөгү залкар ойлор, күчтүү сезимдер, мукам обондор, татаал кайрыктар ар бир угуучунун жүрөгүнө көп нерселерди баяндайт. Өткөн заманда комуз күүсү жайлоолордо, боз үйлөрдө жаңырса, бүгүн дүйнөлүк чоң аренага чыгууда.

Залкар комузчуларыбыз Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбрай Туманов, Ниязалы, Атай Огомбаев жана башка комузчуларыбыз жараткан классикалык күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келет.

Иш-чарага Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Анда аким Т.Ишенбеков райондун тургундарын, иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, келечек муундарга бабалардын даңктуу жолун күү аркылуу жеткирип турган, маданиятыбыздын туу чокусу жана салттуу аспап экендигин айтып өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө №6 “Арал”, №9 Паяз, №17 “Кыла”, №30 Б.Дамашев, №26 Т.Анаркулов, №38 А.Тургунбаев, №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектептеринин окуучулары жана Масы балдар билим борборунун тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров