Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  2021-жылдын 18-майындагы “2021-жылы балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө” №101-б буйругунун негизинде 2021-жылдын 16-июнунан баштап Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду.

Ата-энелердин кайрылуулары жана сунуштарынын негизинде I агым 16-21-июнь күндөрү “Арстанбап” пансионатындагы “Жеткинчек” лагеринде 111 бала жана “Артанбап-Ата” туристтик базасында 153 бала, жалпы 264 жаш өспүрүмдөрдүн эс алуулары ата-энелердин, демөөрчүлөр жана айыл өкмөттөрүнүн каражаты менен уюштурулду.

Ал эми 2-агым 21-26-июнь күндөрүнө пландаштырылып, уюштурулду. Анда “Арстанбап” пансионатындагы “Жеткинчек” лагеринде 95 бала, “Артанбап-Ата” туристтик базасында 166, жалпы 261 бала эс алууда.

Алар үчүн эс алуу күндөрүн көңүлдүү жана кызыктуу өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Спорттук мелдештерди, оюн-зоокторду жана экскурсияларды уюштуруу каралган. Жайкы каникул учурунда миңдеген мектеп окуучуларынын эс алууларын жогорку деңгээлде өткөрүү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областттык жана райондук комитеттери бардык аракеттерди көрүшө бермекчи.

 

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров