Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын иш чараларынын алкагында баштапкы кесиптик уюмдарынын фотоальбом конкурсу жыйынтыкталды

        2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылында  “Тармактык профсоюз уюумунун ишмердүүлүгүн сапаттуу баскычка көтөрүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорлатуу менен тармактык профсоюздун ролун күчөтүү”  ураны  астында райондун баштапкы кесиптик уюмдарынын ортосунда фотоальбом конкурсу жарыяланып, атайын комиссия түзүлүп,  жыйынтыктары чыгарылды.

Конкурска Ноокен районунун ар бир айыл аймагынан мектеп, бала бакчалардын  баштапкы кесиптик уюмдары команда болуп катышышты.                                                                              Фотоальбомдо 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында социалдык өнөктөштөр менен биргеликте аткарылган иштери сүрөттөрү жана комментарийлери менен чагылдырылды.                                                                                           Фотоальбомдун жасалгасына, мазмунуна, актуалдуулугуна, маанисине көңүл бурулду.    Жыйынтыгында 1-орунга Шайдан айыл аймагынын командасы,  2-орунга Ноокен жана Момбеков айыл аймактарынын командалары, 3-орунга  Сакалды айыл аймагынын командасы деп табылды.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров