Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда «Жайкы эс алуу - 2014»

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү 2013-жылда жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө» №275 /1 21-май 2013-жыл, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын №01/13 31-май 2013-жыл буйруктарын жана 21-май 2014-жылда биргелеш-кен кеӊешмеде бекитилген иш чараларды ишке ашыруу үчүн райондук билим берүү бөлүмү менен райондук комитеттин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү 2013-жылда жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө» 2013-жылдын 17-июнунда №79 жана №8 биргелешкен буйругу менен конкреттүү иштер жүргүзүлдү.

Кыргызнефтегаз ААКнын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Зорька» эс алуу жайында 2-июлдан 1-агымда 200 бала, 13-июлдан 2-агымда 200 баланын эс алуусу уюштурулду. 3-агымда 200 баланын эс алуусу пландаштырылган. Райондогу колдоого муктаж болгон 10 бала 2-агымда эс алууда.

Агроөнөржай профсоюзунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан райондор аралык «Достук» эс алуу жайында 2-июлдан 1-агымда 55 бала эс алды, 2-агымда 55 баланын эс алуусу пландаштырылган.

Мүмкүнчүлүгү бар болгон үй-бүлөлөрдүн ата-энелеринин суроолору боюнча өздөрүнүн каражаттары менен Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Арстанбап» пансионатында 106 баланын эс алуусу уюштурулду.

Ноокен районунун «Тоскоол-Ата» токой-чарбасында жайгашкан «Алаш-Ата» эс алуу жайында 1-июлдан 1-агымда 100 баланын эс алуусу уюштурулду. 13-июлдан 2-агымда 100 баланын эс алуусу уюштурулуп, 25-июлдан 100 баланын эс алуусу пландаштырылган.

Ноокен районунда мектептерде күндүзгү лагерлер 3 агым менен уюштурулуп, 3114 ашык балдардын мектептерде эс алуусу уюштурулду. Күндүзгү лагерлерде демөөрчүлөр тарабынан шашке чайлар жана кызыктуу иш чаралар, экскурциялар уюштурулду.

2013-2014-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча 11-12-июнь күндөрү райондогу 28 бакчалардын директорлору, 15-25-июнь күндөрүндө мелдештерге катышкан 74 мугалим Базар-Коргон районунда жайгашкан «Арстанбап» пансионатында, 2-4-июль күндөрүндө мелдештерде үчүнчү орунду ээлеген 18 мугалим Ноокат районунда жайгашкан «Сахаба» эс алуу жайында, 10-12-июль күндөрү мелдештерде экинчи орунду ээлеген 17 мугалим Талас областынын Талас районунда жайгашкан Манас  Ордо комплексинде, 14-18-июлда мелдештерде биринчи орунду ээлеген 16 мугалим Ысык-Къл областынын Ысык-Көл районундагы Бостери айылындагы эс алуу жайында ден-соолуктарын бекемдеп эс алып келишти.

           7-9-июль күндөрү Арстанбап пансионатында 18 баштапкы профсоюздук уюмдарын төрагалары облустук семинарга катышуу менен эс алышты.

Жааматтардын суроолору боюнча Арстанбап пансионатында 28 жааматтан 469 мугалим, «Арстанбап-Ата» турбазасында 11 жааматтан 228 мугалимдер эс алышты.


 Райондук комитеттин бюджетинен алынган жолдомо менен  Жалал-Абад санаториясында 14 мугалим, облустук комитеттен берилген жолдомолор менен 18 мугалим санаторияларда ден соолуктарын бекемдешти.

Билим берүү кызматкерлеринин 2014-жылда жайкы эс алуусунун  уюштурулушу.

 

Кимдер

Каерде эс алды

Канча адам

Респуб,Район-дук бюджет

Демөөр-чү

Барды-гы

1

Кароо-сынактарда, мелдештерде

1-орунду ээлегендер

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Бостери айылында

16

42 000с

32 000с

74 000с

2

 

2-орунду ээлегендер

Талас областынын Талас районундагы Манас Ордо

комплексине

17

30 000с

17 000с

47 000с

3

3-орунду ээлегендер

Ноокат районунун “Сахаба” эс алуу жайында

 18

20 000с

9000с

29 000с

4

Кароо-сынактарга, мелдештерге катышкандар

Арстанбап пансионатында

120

60 000

36 000

96 000с

5

Кароо-сынактарга, мелдештерге катышкандар

Арстанбап-Ата турбазасы

228

44560

44560

89 120с

 

Жамааттардын

суроолору

боюнча

1-3 кун эс алуу

Арстанбап

пансионатында

469

196560

93800

290360с

 

Проф.уюмдун

токтомунун

негизинде жолдонмолор менен дарылангандар

Санаторийларда

Республикалык,

райондук бюджеттен

 

бардыгы

18

14

32

145600

127400

 

273000

 

273000

6

Бардыгы

 

900

469560

222360

691920

 

 

 

 

 

 

 

Балдардын 2014-жылда  жайкы эс алуусунун уюштурулушу.

 

Эс алуу жайлары

Канча адам

Профсоюз-дун каражаты

Демөөрчү, мамлекеттик чарбалык уюмдар

Баардыгы

1

Кыргызнефтегаздын “Зорька” эс алуу жайы

1200

600 /

3 840 000с

600 /

3 840 000с

7 680 000с

2

“Алаш-Ата” эс алуу жайы

300

300 /

9600 000с

 

960 000с

3

“Достук” эс алуу жайы

105

105 /

336 000с

 

336 000с

4

Мектептин алдындагы күндүзгү лагерлер

3114

-

3114/

31 000с

31 000с

5

«Арстанбап» пансионаты

106

-

106/

232000

232000

6

Бардыгы

4825

1005/

5 136 000

3820 /

4 103 000

9 239 000

 

 

Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук

Комитетинин төрагасы:                                                     А. Айдаров.