Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук администрация башчысынын балаты майрамы

           29- декабрь Ноокен районунда акимдин балдарга арналган  жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамга райондун аймагында билим алган 26 000 окуучунун ичинен 130 окуучу чакырылды.  Ага райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдөн жана Кочкор-Ата шаарынан келген окуучулар катышышты. Ошондой эле, райондун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, предметтик олимпиадалардын женүүчүлөрү, Шайдан айыл аймагына караштуу Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин окуучулары жана Масы, Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин окуучулары  катышышты.                                                                                     

        Майрамда балдарга концерттик программа жана театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, Масы жана Кочкор – Ата музыкалык мектептеринин таланттуу жаштары ыр, бий тартуулашты.  Ноокен райондук  администрациясынын башчысы Э. С. Маматаев тарабынан балдарга 40 миң сомдук  жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Маалыматты даярдаган: Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү- Т. М. Бакиров