Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунунда пленум болуп өттү

2023-жылдын 29-апрелинде Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2-пленуму болуп өттү.

Пленумга райондук кесиптик бирликтин уюмунун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана ардагер мугалимдер катышышты.

Ноокен райондук кесиптик бирлик комиитетинин төрагасы К.Нышанов пленумду ачып, 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү менен куттуктап өттү.

Ал эми пленумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:                                                     

1. Билим берүү кызматкерлеринин социалдык - экономикалык маселелерин чечилишиндеги Ноокен райондук кесиптик бирлиги жана социалдык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш аракетери менен 2022-жылда аткарылган иштер жөнүндө төрага К. Нышановдун маалыматы;

2. Райондук кесиптик бирликтин туруктуу комиссиясынын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө;

3. Уюштуруу  маселелери.

Пленумдун соңунда  билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алуудагы билим берүү кызматкерлерине Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана сыйлуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров