Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунун мектептеринде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

11-12-декабрь күндөрү Ноокен районунун мектептеринде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди.

Анда мектептерде адабий – музыкалык кечелер, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр,  тегерек столдор, сүрөт конкурстары уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү.

Айрыкча №28 Ч. Айтматов, №4 А. Сатаров, №35 Ш. Сүйөркулов, №30 Б. Дамашев, № 1 Ж. Бөкөнбаев, № 12 Ж. Султанов, №34 “Жазгак”, №6 “Арал”,  Исанов атындагы орто мектептеринде бул иш-чаралар жогорку деңгээлде өттү.

Активдүү катышкан окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан атайын белектер, ардак грамоталар тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын Жаштар Кеңешинин

 катчысы Ф. Акматова