Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда мектеп алдындагы күндүзгү лагерлер иштей баштады

Ноокен районунун бардык мектептеринде окуучулар үчүн күндүзгү лагерлер уюштурулду. Лагерлерди уюштуруу боюнча мектеп директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары тарабынан иш планы иштелип чыгып, бекитилди. Анын негизинде уюштуруу иштери эки агым менен 7-20-июнга чейин башталгыч класстын мугалимдери тарабынан жүргүзүлдү. Күндүзгү лагерлерге класстардын жана 5-8-класстын окуучулары тартылышты. Балдар саат 9:00 дөн 12:00 гө чейин лагерлерде болушат. Алар үчүн түрдүү ийримдер иштейт, окуучулар кол өнөрчүлүк, англис тили, орус тили  курстарын окушту. Ошондой эле сүрөт тартуу, компьютердик сабаттуулук, кол өнөрчүлүк, көркөм окуу, спорттук оюндар, жомок окуу, бий үйрөнүү. Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде: айыл өкмөтү, мектеп администрациясы жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен көпчүлүк мектептерде балдарга чай берүү уюштурулду. Лагерде болгон учурда окуучулар коопсуздук, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо  талаптарын  аткарышты. Жалпысынан район боюнча күндүзгү лагерлерде 2 340 бала эс алды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Г.Андарова