Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райкомунун 20-райондук конференциясы

2020-жылдын 21-декабрында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Ноокен  райондук  комитетинин   20-райондук конференциясы болуп  өттү. Конференцияга  Кыргыз  Республикасынын  Билим   жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук Комитетинин   төрагасы Асылбек  Токтогулович Токтогулов,  Жалал-Абад  обкомунун төрагасы  Абдукахар  Арапович Исмаилов,  Ноокен райондук   мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким  Осмонов  Абдрахман Куватович, райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Олжобаев Нурбек Курманбекович , чакырылган  меймандар,  50 делегат  катышты. Конференцияда райкомдун  2015-2019-жылдардагы   аткарган  иштери жөнүндөгү  отчету  жана  текшерүү  комиссиясынын  5  жылдык  отчету  угулду. Аткарылган  иштерге  делегаттар канааттандырарлык баасын  беришип, текшерүү  комиссиясынын  отчетун  бекитишти.  Райкомдун жана  текшерүү  комиссиясынын жаңы  курамы  ачык  добуш   менен  бекитилди. Райкомдун  төрагалыгына Нышанов  Кубанычбек  Калдаровичтин  талапкерлиги  сунушталып , бир  добуштан  делегаттар  колдошту. Райкомдун  президиумунун  жаңы  курамы  бекитилди. Конференцияда  Борбордук Комитеттин  төрагасы Асылбек  Токтогулович жаңы  курамды жана төрага  Нышанов Кубанычбек  Калдаровичти  куттуктап,  жаңы  милдеттер  тууралуу  кеңри  сөз  сүйлөдү. Нышанов К.К.  сүйлөп,  делегаттарга жана  келген  меймандарга   ыраазычылык  билдирип,  ишенимди   актап  ак  иштеп берерин  билдирди.

Материалды  даярдаган: Обкомдун  инспектору  А.Айдаров.