Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокатта спартакиада болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата , Ноокат районунун билим берүү уюмдарындагы эмгектенген кызматкерлердин спартакиадасы 2021 –жылдын 2-3-апрель күндөрү райондук борборуна жакын жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептердин спорттук базаларын пайдалануу менен өткөрүлдү.

Спартакиаданы өткөрүү боюнча жобо билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана баштапкы профсоюз уюмдарына алдын-ала жеткирилип, машыгууларды өткөрүүгө жана команданы түзүүгө шарттар жаратылды. Билим берүү кызматкерлеринин райондук спартакиадасында  спорттун 6 түрү боюнча  мелдешке 850 дөн ашык спортсмендер катышып, мугалимдердин  көрсөткөн оюндары эч кимди кайдыгер калтырбады.

Спартакиададагы   мелдештердин жыйынтыктары  калыс чыгарылып, жеңүүчүлөр  жана байгелүү орундарды ээлеген командалар аныкталып,аларга салтанаттуу жыйынтыктоо аземинде  акчалай жана баалуу белектер берилип, Ноокат районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин I , II ,  III даражадагы дипломдору тапшырылды. Салтанаттуу сыйлыктарды тапшыруу аземине профсоюз кыймылынын ардагерлери жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Райондук спартакиаданын жеңүүчүлөрү  жана байгелүү орундардын татыктуу ээлери, мелдештин калыстар тобу тарабынан  төмөндөгүдөй тартипте аныкталды:

 

 

Материалды даярдаган: Ноокат РПКнын төрайымы Н.Тажибаева