Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү

9- сентябрда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү деп билдирди аталган комитеттин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын билдирген маалыматына күн тартибинде 7 маселе каралып, анда 3- кварталда аткарган иштери жана кийинки кварталга карата аткарылуучу милдеттер белгиленди. 

 Отурумдун акырында Ноокат райондук мугалимдердин профсоюз комитетинин президиуму, ЖКнын депутаты, билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы К. Осмоналиевге, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешмесинин төрагасы КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун БКнын төрагасы А. Токтогуловго, КРнын Билим берүү жана илим министри К. Садыковго Ош облустук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинин төрагасы С. Тойгонбаевге Ноокат районундагы мугалимдердин кайрылуусун талкуулап,аны жөнөөтүүгө чечим кабыл алышты.

 Кайрылууда мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө барган курстарынын сапар чыгымдарынын толук өлчөмдө төлөнбөй жаткандыгы, эмгек акынын, дем берүүчү фондунун толук төлөнбөй жаткандыгы жана 240 саатык программада иштеген мугалимдердин айлык акыларынын төлөнбөй жаткандыгы, базар экономикасына караганда мугалимдердин эмгек акыларынын аз болуп жаткандыгы боюнча сунуштар берилген.