Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөрдөн Борбордук Комитетке ыраазычылык

Өнөктөштөрдөн Борбордук Комитетке ыраазычылык

 

2020-жылдын 29-июнунда Ноокен райкому тарабынан Борбордук Комитеттин санариптештирүү жылынын алкагындагы иш-чараларын ишке ашыруу улантылды.

Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринин катышуусунда 1 комплект жалпы суммасы 50 714 сомдук компьютер, принтери менен тапшырды.

Учурда болуп жаткан кырдаалга карата Борбордук Комитет, Жалал-Абад обкому жана Ноокен райкому тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө берилип жаткан жардамдар, камкордуктар жөнүндө барыбызга белгилүү.

Ошондой эле өлкөнү санариптештирүү жылында, кызматкерлерге жумушун жеңилдетүү максатында Борбордук Комитеттин төрагасы А. Токтогуловдун демилгеси менен берилип жаткан компьютер абдан жакшы белек болгондугун баса белгилеп кетем.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке, Обкомдун төрагасы Абдукахар Араповичке ыраазычылык билдиребиз.

 

Ноокен райБББнүн башчысы

Н. Олжобаев