Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Өнөктөштөр менен иш алып баруу»

    2018-жылдын 15-январь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинде 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылына карата кичи кеӊешме болуп өттү.

     Кеӊешмеде билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жана 2018-жылга түзүлүүчү пландарын талкуулашты.

     Талкууга Шааркомдун төрагасы К.Акунов, ШБББнүн башчысынын орун басары А.Абдрашов, Борборлоштурулган эсепкананын башкы эсепчисинин орун барасы А.Абдрахманова, Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектебинин директору Д.Касымбекова жана Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын директору К.Мамытовалар катышышып өздөрүнү  сунуштарын  жана ой-пикирлерин айтышты.

      Кеӊешмени шааркомдун төрагасы К.Акунов жетектеп, мектептин мугалимдеринин, тарбиячылардын айлык акыларын жана квартал сайын берилүүчү дем берүүчү фонддорунун бөлүштүрүлүшүнүн  так ачык-айкын жүргүзүү жана жамааттарга маалыматты тынымсыз берип туруу милдетин койду.