Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөр менен жолугушуулар өттү

2023-жылдын 25-сентябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов обкомдун жооптуу кызматкерлери менен Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарында иш сапары менен болушту.

Алгач Токтогул райондук билим берүү бөлүмүндө болушуп, жаңыдан кызматка келген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Боржуева Астра Какеновнаны куттуктап, жакшы каалоо тилектер билдирилди.

Областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу тууралуу максаттар жана алдындагы милдеттер боюнча өнөктөштүктү жакшыртуу жөнүндө ой пикирлерин билдирди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева өнөктөштүк иштерин бекемдоо чараларын журушу тууралуу айтып, билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин биргеликте чечүү багытында иш аракеттер мындагы ары обласстык комитет менен тыгыз байланышта алып барарын белгиледи.

Областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов Кара-Көл шаардык комитетинин төрагасы М.Калпакбаев менен жаңы окуу жылындагы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча көйгөйлүү меселелерди талкуулашты. Алдындагы милдеттер белгиленди.

 

Материалды дардаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров