Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ɵнɵктɵштɵр менен биргеликте иш алып баруу бул ийгиликтин башаты

    Жалал-Абад шаарында  Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонд башкармалыгынын башчысы Т.Нышанов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин тɵрагасы К.Акунов  менен шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана мектеп, бала бакча директорлору, баштапкы профсоюз уюмунун тɵрага, тɵрайымдары менен жолугушуу болуп ɵттү.

     Жолугушууда медициналык камсыздандыруу боюнча маселелер талкууланып, Т.Нышанов жалпыга милдеттүү  медициналык камсыздандыруу  фондунун  иш аракетин жана жүрүп жаткан иштер боюнча кеӊири  маалымат берип ɵттү.

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун тɵрагасы К.Акунов жана ШБББнүн башчысы Ы.Калчаев ММК фондунун башчысы Т.Нышановго  берген маалыматтары жана ɵнɵктɵш катары алып барып жаткан иштери үчүн ыразычылык  билдиришти.

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шааркомунун уюштуруу иштери боюнча адиси М.Мамасыдыков.