Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөр менен 2021-жылга иштер пландалды!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков социалдык өнөктөштөр менен жолугушууга барды. Жолугушуу Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин базасында болуп өттү. Жолугушууга Жалал-Абад шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана жалпы орто билим берүүчү  мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты. Жолугушууда төрага Максат Мамасыдыков үч тараптуу макулдашуунун мөнөөтү аяктап жаткандыгын айтып, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн жана тармакты өнүктүрүүнүн орчундуу маселелерин чечүү жана алардын укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча жаңыдан макулдашуу түзүүнү түшүндүрдү.

Маалыматты даярдаган: төрага М.Мамасыдыков