Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөр куттукташты

2021-жылдын 12-ноябрында Ноокен районунун №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинде “Социалдык жана кесиптик бирлик  кызматкерлеринин күнү” майрамына карата салтанаттуу азем болуп өттү.

Анда Ноокен районунун акими Т.И.Ишенбеков, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Ноокен райБББнун башчысы Н.Олжобаев, райкомдун төрагасы К.Нышанов, обкомдун инспектору А.Айдаров, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркулов, ардагер мугалимдер, ”Жылдын мыкты кесиптик уюму-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү, билим берүү кызматкерлери катышышты.

Аземдин катышуучуларын өнөктөш меймандар куттукташып, кесиптик бирлик уюмунун иштерине ийгиликтер каалап, жакшы  тилектерин билдиришти.

Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов 2021-жылдагы аткарылган иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

Алдынкы кесиптик уюмдун жетекчилери Борбордук комтеттин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгилери, Ардак грамоталары менен сыйланышты. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө диплом жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Ардагер мугалимдерге “Билим  берүүнүн Ардагери” төш белгилери тапшырылды.

Сыйлыкка ээ болушкандар кесиптик бирлик жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору А.Айдаров