Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштүктү өркүндөтүү - билим берүү кызмакерлерине камкордук

2022-жылдын 17-май күнү Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов менен Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов жооптуу кызматкерлери менен биргеликте областтык билим берүү тармагынын алдындагы иш-чаралары тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Талкууда министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоп ишке ашырууга активдүү катышуу, областтын билим берүү кызматкерлеринин жаңы айлык  акылары жөнүндө семинарларды уюштуруу, кароо-сынактардын жыйынтыктарын чыгаруу, табыгый кырсыктан жабыргкаган кызматкерлерге жардам көрсөтүү, билим берүү  кызматкерлеринин жана балдардын “Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларын өткөрүү, кызматкерлердин билимин өркүндөтүү чараларын ишке ашыруу, насаатчылыкты жакшыртуу аркылуу жаш мугалимдерге көмөк көрсөтүү жана аларга мыйзамдуу материалдык жардамдарды берүү маселелери каралды. Иштиктүү сунуш, пикирлер айтылып,   ишке ашыруу чаралары белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров