Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштүк-ийгиликтерибиздин ачкычы

Т.Ж. Усенов-Базар-Коргон  райондук 

                                                                                                          билим  берүү  бөлүмүнүн

башчысы

        Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  райондук профсоюз комитети, мамлекеттик администрация менен биргеликте   түзүлгөн  Макулдашуунун  негизиде  районубуздун билим берүү тармагында 2017- жылда көптөгөн ийгиликтерге жетиштик.

.        Билим берүү мекемелеринин материалдык- техникалык базасын чыңдоодо жакшы иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынан:

  1. Ата-энелер тарабынан 5510331 с.
  2. Демөөрчүлөр тарабынан 4829946 с.
  3. Айыл аймагы тарабынан 10398353 с.
  4. Республикалык бюджет тарабынын 65071308 с.
  5. Рай администрация тарабынан 61700 с.
  6. ЮНИСЕФ тарабынан 2774244 с.
  7. АКТЕД тарабынан 20000 с.
  8. ЮСАИД тарабынан 14575 с.
  9. АРИС тарабынан 14 290 000 с.
  10. ООН ДАТП тарабынан 1 069 902 с.
  11. Башка донорлор тарабынан 4830896 с мектептерге жана мектепке чейинки уюмдарга 121 000 000 с. ашуун инвестиция тартылды.

2017-жылдын август-сентябрь айларында Бещик-Жон айыл аймагында №28 “Асыл” 100 орундуу, Кеңеш айыл аймагында 50 орундуу, Могол айыл аймагында №30 “Достук” 75 орундуу мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жергиликтүү бюджети, мамлекеттик эмес уюимдардан жана ата-энелер, демөөрчүлөрдүн салымдары менен курулуп, пайдаланууга берилди.

         Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жайгашкан “Алтын-Кыя” мектеби республикалык бюджет тарабынан курулуп жатат. Ал эми Турциялык грант аркылуу “Салбанов” негизги мектеби курулууда. Ошондой эле Акман айыл аймагында, Талды-Булак айыл аймагында жана Сейдикум айыл аймагында республикалык бюджет тарабынан бала бакчалар азыркы күндө курулуш иштери жүрүп жатат. АРИС тарабынан Арстанбап а/а да №19 Арстанбап орто мектебине 4 кошумча класс курулуп, пайдаланууга берүү алдында турат. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен Арстанбап а/агы Коштерек негизги мектебине кошумча класстар курулду. Могол айылында №16 К. Рахманов атындагы орто мектебинин курулуш иштери бүткөрүлүп жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ошондой эле Арстанбап а/а №39 Белтерек орто мектебинин окуу имараты 2017-жыылдын 15-октябрь күнү пайдаланууга берилди. Бешик-Жон а\а жайгашкан №7 М. Мамбеталиев атындагы гимназия-мектеби 8 млн. 900000 сомго республикалык бюджет тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

          Өзгөчө белгилеп айта кетпеске болбойт. Районубуздун борборунан 110 км алыста жайгашкан Кызыл- Үңкүр  а\а караштуу Жазы-Кечүү айылында Чыйбылов атындагы №48 орто мектеби жайгашкан. Айылда электр энергиясы жок, кышы узун, алты айлап кыш болот. Билим берүү министрлиги тарабынан көңүл бурулуп, учурдун талабына жооп бере турган жаңы, заманбап мектеп курулуп, ишке берилди.

           1-4-класстын окуучуларына шашке чай жана ысык тамак уюштуруу боюнча мектептерде  уюштуруу  иштер жүргүзүлүп, 65 мектептин бардыгы ашкана менен камсыздалган. Анын ичинен 20 пилоттук мектеп бар. 1-4-класстардын шашке чай ичкен окуучулардын жалпы саны 13920, анын ичинен ысык тамак ичкен мектеп окуучуларынын саны 5852. 35 мектепте ысык суу, муздак суу киргизилген.

         Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан “Нагима” балдар бакчасында “ООН ЖЕНЩИНА” мамлекеттик уюму тарабынан 120 000 сом акча каражатына теплица курулуп, теплицада жашылча жемиштер, бадыраң, помидор өсүмдүктөрү өстүрүлүүдө. Ал эми Базар-Коргон а\а караштуу №4 Навоий атындагы орто мектебинде Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен лимон өстүрүлүүчү теплица курулуп, лимондор өстүрүлүп, түшүмдөрүн берүүдө.

.      Жыл ичинде мектептерде ар түрдүү кароо сынактар көргөзүлүп, өткөрүлдү. “Жылдын мыкты мугалими 2017” кароо сынагынын райондук этабына ар бир айыл аймагынан мыкты деп табылган 7 мугалим катышты. Кароо сынак 3 этап менен өткөрүлдү. Райондук этаптын жыйынтыгында №11 М. Алыкулов атындагы мектебинин англис тили мугалими Өмүрзакова Гүлназ 1-орунду алып 8000 содук телевизор тапшырылды. 2-орунду Ж. Асанов атындагы №9 орто мектебинин физика мугалими Абылова Гүлзадага 5000 сомдук электродуховка белеги тапшырылды. Ал эми Кудайбердиева атындагы №26 мектебинин башталгыч класс мугалими Колдошова Наргизага 4000 сомдук пылесос тапшырылды. Калган сынакка катышкан мугалимдерге кызыктыруучу белектер райондук профсоюз уюму тарабынан акча каражаты каржыланып берилди.  

.           Мугалимдердин спартакиадасы”Ден-соолук- 2017”  областтык туру 2017-жылда өзгөчөлөнүп, өтө уюшкандыкта жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш чарага Жалал-Абад областына караштуу бардык шаар, райондордун спорттук командалары мелдешишти. Спартакиадага Базар-Коргон районундагы мугалимдер жамааты дагы катышты. Улуттук оюн “Тогуз коргоол  оюну боюнча 1-орун, кыз-келиндер шахматы боюнча 2-орун, мугалимдер арасындагы волейбол оюну боюнча 4-орунду алышты. Базар-Коргон району жалпы командалык эсептер боюнча райшаарлардын арасынан 4-орунга ээ болушту.

            Билим берүү бөлүмү тарабынан 2017-2018-окуу жылында август кеңешмеси өткөрүлдү. Ал кеңешмеде делегаттар шайланып, чакырылды.  Август кеңешмесинде кароо сынактын жеңүүчүлөрүнө райондук профсоюз  комитет  тарабынан баалуу белектер алынып, мугалимдер сыйланышты.

        Мугалимдер күнүндө атайын концерттик программалар, оюн-зооктор, бийлер уюштурулду. Мугалимдер күнүндө мугалимдерди куттуктоо максатында КР Жогоку Кеңешинин алтынчы чакырылышындагы депутат Масабиров Таалай Айтаматович, Бакиров Мирлан Исакбекович, Базар-Коргон районунун акими Бегимкулов Айбек Карыбекович жана ошондой эле 9 (тогуз) айыл аймагынын башчылары болуп мугалимдер күнү менен мугалимдерге куттуктоо сөздөрүн айтышты. Мугалимдер күнүнө сыйлуу ардагерлер чакырылды.

      Бардык мектептерде, мектепке  чейинки билимберүү  мекеиелеринде  иш берүүчү менен жамааттык келишимдер түзүлдү. Айыл аймактар менен мектептин директору, мектептин профсоюзу  3 тараптуу келишимдерди түзүп 3 жылга бекитилди.

     Райадминистрация, билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюзкомитети менен үч тараптуу Макулдашуу 2017-19-жылдар үчүн түзүлдү.

     Келечекте райондук  профсоюз комитети жана билим берүү бөлүмүнүн биргеликте иш пландары көп. Аларды аткарууга, мугалимдерге шарттарды түзүп берүүгө, мыйзам чегинде иш алып берүүгө аракет жасайбыз.

 

Материалды  даярдаган:Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.