Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ӨНӨКТӨШКӨ КОЛДОО

ӨНӨКТӨШКӨ КОЛДОО

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети райБББнын өтүнүчүнө ылайык өнөктөш катары билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын өз убагында туура, так эсептеп берүү үчүн Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасы үчүн 2 компьютер сатып берди. Анткени колдонуудагы компьютерлердин кубаттулугу аз, колдонуу мөөнөтү өткөндүктөн жараксыз болуп, 1С программасы менен иштөөгө тоскоолдук жараткан. Бул маселени чечүү үчүн райондук комитетине жардам сурап кайрылгандыктан Баткен райондук комитети жаңы муундагы кубаттуулугу жогору компьтерлерди алып райБББнын башчысы О.Мажилимовго, башкы эсепчиси Н.Артыковдорго тапшырды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги профсоюздун ишмердүүлүгүнө, көрсөткөн жардамына ыраазычылыгын билдирди.

Баткен РКП