Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөшүбүз Сузакта 30 жылдык юбилейге катышты

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы №6 Т.Темирбаев  атындагы мектеп-гимназиянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси   2022-жылдын 20-майында белгиленди.

Мааракеге КРнын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Саитбеков, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, КРнын Билим жана илим кызматкерелеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жооптуу кызматкери А.Бегматов, Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев катышышып мектеп-гимназиянын мааракеси менен кызуу куттукташып, өздөрүнүн сыйлыктарын жана белектерин билим берүү уюмунун кызматкерлерине тапшырышты.

Мектеп-гимназиянын директору Ж.Шамшиева бул билим берүү уюмунун 30 жыл ичиндеги өсүп өнүгүүсү жөнүндө баяндама жасады.

Мектеп-гимназиянын 30 жыл ичиндеги ийгиликтери менен тааныштырды, атап айтсак окуучулары 17 жолу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушкан, мектеп-гимназия райондук “мыкты билим берүү уюму-2021” кароо-сынагында баш байгени жеңип алган, 2 мугалим “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы ыйгарылган, бул мектепти бүтүргөн 5 бүтүрүүчү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп шайланышкан  ж.б.

З0 жылдык азем мазмундуу жана кызыктуу өттү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук КБКнын инспектору  М.Примкуллов