Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөш профсоюз жөнүндө

Б.С.Козуев-Ноокен райондук  

                                                                                   билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы

 

   Билим берүү  жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен  райондук  комитети тарабынан ( төрагасы  К.К.Нышанов),  райондогу билим берүү  мекемелерин төрагаларынына  жана төрайымдарына  жер-жерлерде  иштерди уюштурууга,  иш кагаздарын  жүргүзүүгө   жардам  катары ар кварталда  максатуу семинарлар өтүлүп, усулдук жардамдар берилүүдө.

        Ушунун негизинде  райондогу билим берүү мекемелериндеги  профсоюздук уюмдардын иштери жакшы жүрүүдө.

        Биринчи кезекте билим берүү  мекемелеринде  иштеген  кызматкерлердин кызыкчылыктарын,  укуктарын  коргоо,  райондогу  көптөгөн  мекеме жетекчилери   менен  өнөктөш катары   ынтымакта  бир канча алгылыктуу  иштер жүрүүдө. 

      Жогоркулардын  негизинде  райондогу  мектептердин жана бала бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдарында   жүргүзүлгөн иштери жакшы болгондуктан  областтык, респуликалык сынактарда  байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө.

Мисалга  алсак: № 15 Беки уулу Семетей  атындагы орто мектеби  областта 2-орунду,

№ 26 “Ак-Шоола” бала  бакчасы областта 1-орунду ээлеп,  республикалык сынакта           1-орунду  алды.

      Айыл өкмөттөр менен  өнөктөш  катары жакшы иштегендиктен жаш адистерге бир жолку берилүүчү 59 000  сом жөлөк акчасы,  турак-жай курууга 20  мугалимге жер участкасын алып берилди,  667  мугалимге 2 501 300 сомдук  коммуналык  чыгымдарды төлөтүп  берилди, 1951 мугалим медициналык кароодон бекер өткөрүүгө жетишти.

      Мындан сырткары билим берүү мекемелеринде иштеген  кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин өстүрүү,  демгелерин  көтөрүү,  ишин  баалоо,  иш тажрыйбасын  жайылтуу  максатында ар кандай  кароо сынактар өткөрүлүп келүүдө. 

           Алар:  “Жылдын  мектеби”,  “Жылдын бала бакчасы”, “Жылдын мыкты кесиптик уюму”,  “Жылдын мугалими”, “Жылдын тарбиячысы”,  “Жылдын класс жетекчиси”,  “Жылдын окуу бөлүмүнүн башчысы”,  “Жылдын уююштуруучусу”, “Жылдын мыкты усулдук кабинети”,  “Жылдын мыкты предметтик кабинети”  жана башка болуп райондо 13 ар түрдүү  багыттагы кароо – сынактарды өткөрүп келүүдө. Алардын жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар,  дипломдор   жана баалуу белектер менен  сыйланууда.

      Мындан  сырткары  окуу жыл ичинде даталуу күндөргө  карата  ар дайым иш чаралар уюштурулуп,  активдүү катышкан  уюмдарга,  кызматкерлерге  граммата, дипломдор  жана   баалуу белектер   тапшырылып турат.

№  6 “Арал”   орто мектебинин химия мугалими,  мектептин кесиптик уюмунун  төрайымы  Кансалат Зияшева Арал өкмөтүнүн жана Кочкор-Ата шаарынын мээринин  колдоосу менен Туркия мамлкетинин Стамбул шаарына бир жумалык,   Жылдын мугалими сынагынын женүүчү  № 35 Сүйөркулов атындагы  орто  мектебинин  директору  Улан Уметов областтык проофсоюз  комитети  жана  Шайдан айыл өкмөтүнүн колдоосу менен Египетке он күндүк эс алууга  барып келишти.

     Мугалимдердин,  тарбиячылардын  жана техникалык кызматкерлердин ден – соолуктарын чындоо,  эс алууларды  уюштуруу багыттында да көптөгөн  иштер уюштуруулуда.  Райондогу өткөрүлгөн кароо –сынактардын  жеңүүчүлөрун, алдынкы иштеген  мугалимдерди, ардагер  мугалдимдерди  жайында  Ысык-Көлгө, Арсланбапка, Таласка, Сары-Челекке  жана  башка  жайларга  алып барып, бир жумалык эс  алууларды уюштуруп жатат.

      Мектеп окуучуларынын  жайкы эс алуулары  да жакшы уюштурулуп жатат. Жерликтүү  бийлик,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары,  мекеме-ишканалар  менен өнөктөш  катары  жакшы иштегендиктен жайкысын  мектеп окуучуларын  Арсланбаптагы  “Зорька”  лагерине,  пансионатка, турбазага,  Алаш –Ата  лагерине көптөгөн   балдарды эс алдырып жатат.

   Мындан ары да райондук профсоюздук комитети  көптөгөн  жакшы иштерди уюштурат  деп ойлойм.Билим  беррүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Ноокен  райондук  комитетинин (төрагасыК.К.Нышанов )  иштерине ийгилик каалаймын.

 

 

Материалды даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун инспектору-А.Айдаров