Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинде жаңы эларалык долбоор ишке ашырылды

       Кочкор-Ата  шаарындагы Н.Исанов  атындагы  жатак  гимназия мектебинде балдардын  тамак  ашын витаминдүү  азыктар  менен камсыздоо  үчүн  мыкты  шарттар  түзүлдү.

       Жамааттык  келишимдин шарттарын  ишке  ашыруу  максатында мектептин  директору  А.Нусупбековтун иш билги, тажрыйбалуу  жетекчи катарында эларалык   уюмдар  менен  тыгыз байланышта иш жургузду.  Натыйжасында күнөскана  куруу боюнча жаңы долборду ишке  ашырды. АКШнын элчилигине жазылган долбоор колдоого  алынып, күнөскана  куруу үчүн  5 миң  доллар грант берилди.      

        Мектептин  администрациясы  тарабынан 100  миң  сом долбоорго кошумча  каражат менен күнөскана курулуп бүткөрүлдү.Балдар  үчүн  экологиялык таза мөмө  жемиштер , окуучулардын өздөрүнүн эмгеги  менен даярдоого шарттар  жаратылды.Бугунку күндө эгүүгө  даярдык  иштери  кызуу  жүрүүдө.  

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун инспектору-А.Айдаров.