Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын райондук комитетинин III пленуму болуп өттү

21 - декабрь 2015-жылы Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын университетинин базасында билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  Нарын райондук  комитетинин  III пленуму болуп өттү. Пленумда райондук комитеттин  2015-жылдагы иштеген иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, жаны  2016-жылга алдыдагы милдеттер аныкталды. Ошондой эле райондук билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын «Коллективдүү келишимдер жөнүндөгү» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маселелер каралды. Пленумга райондук кеӊештин  төрагасы К.Исаков, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белековдор катышышты. Пленумда алты киши чыгып сүйлөп өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Айрыкча 3-тараптуу келишимди аткарууда Т.Байбураев атындагы орто мектебинин профкомунун төрагасы М.Аламановдун айыл өкмөт, жана мектеп администрациясы менен бирдикте профсоюз мүчөлөрүнүн иштешине жана эс алуусуна түзүлүп жаткан шарттар, мектептин материалдык техникалык базасын чындоодо жүргүзүлүп жаткан аракеттери слайд аркылуу көрсөтүлүп, катышуучулардын көптөгөн кызыгууларын жаратты.

 

                 Төрага                                                  М.Курманкожоев