Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын районунда семинар - тренинг

2018-жылдын 26-апрелинде Профсоюздардын Нарын облустук Кенешинин залында билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюздарынын  Нарын райондук комитети  баштапкы уюмдардын  тɵрага, тɵрайымдары  менен бирге багыт берүүчү семинар-тренинг  ɵткɵрдү.

      Семинарды профсоюздардын Нарын облустук  Кенешинин тɵрагасы  Курманкожоев  Муканбеталы  Жунушалиевич менен бирдикте, педогогика илимдеринин кондидаты илим берүү эксперти, тренер Шерматова  Илмира   Кубанычбековна, Ɵмүр  уулу Кожеке атындагы орто  мектебинин директору, тренер-эксперт Асылбеков Казыбек  Эсенкулович, профсоюздардын  тɵрайымдары:   Рыскулова Каухар Райымбековна,  Калназарова    Алена   Жоробаевналар менен бирдикте  интерактивдуу ыкма менен  тренинг  болду.

Катышуучулар  профсоюз  уюумунун иш багыттарын, стратегиялык пландоонун жолдорун, биргелешип пландаштыруунун  артыкчылыктарын тушунуу менен социалдык ɵнɵктɵштɵр менен бирге иштɵɵнүн ыкмалары боюнча кɵйгɵйлɵрдүү таап, аларды чечүү ыкмаларын аныктап  чыгышып, презентациялашты. Тренингде  профсоюз  уюмдарынын  кɵрүнүктүү иштери тажрыйбалары менен болушуу менен жыйынтыкталды.