Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"НАКЫЛ СӨЗДӨР" КИТЕБИНИН АВТОРУНА 120 ЖЫЛ

Кыргыз элинин тунгуч лексиколог жана лексикографы, педагог-агартуучу Кусеин Карасаевдин 120 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн Окуу-усулдук кабинетинин жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Конференцияны Таш-Көмүр ШБББнын башчысы Н.К.Жоошбаев ачып, Таш-Көмүр шаардык мэриянын башкы адиси Н.А.Боронбаев, "Таш-Көмүр жарчысы" гезитинин башкы редактору С.Каратаевдер жана мектеп директорлору, мугалимдер, ЖАМУнун Таш-Көмүр инженер-педагогикалык факультетинин, Таш-Көмүр аймактык колледжинин окутуучулары катышты. Алар өз сөзүндө К.Карасаевдин кыргыз элинин алдында жасаган ак эмгеги, илимдеги орду тууралуу белгилешип, онлайн илимий-практткалык конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалашты. Конференция Кыргыз Республикасынын Гимнин ойнотуу менен башталды.

Илимий-практикалык конференциянын максаты: Кусеин Карасаевдин өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурастарын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеӊейтүү, кыргыз тилинин байлыгын даӊазалоо, кеп маданиятын өстүрүүгө багыттоо болуп саналат.

Конференциянын аягында куттуктоолор айтылып, ыраазычылык билдирилди.