Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

№15 - орто мектебинде балдар үчүн ысык тамак уюштурулду

Каракол шаарындагы №15 мектепте үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрынан баштап  1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берилип баштады. 

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аркылуу ашкананын ремонтуна 468450 (төрт жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз элүү ) сом акча каражаты берилген. Ысык тамак уюштурууга өзүнчө класс бөлүнүп, ашканага ылайыктап кайра жасалды.  2017-жылдын 2-октябрындагы фонд тарабынан өткөрүлгөн тендердин натыйжасында “Эркин Тоо Сервис” ЖЧК  443136,0 сомго утуп, толук ремонт жасалып, 751800 сомго ашкананы тиешелүү жабдуулар менен жабдыды. Мындан сырткары ата-энелердин жардамы менен 86650 сомго идиш-аяк сатылып алынды.

Мектепке Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жана ата-энелер тарабынан берилген материалдык баалуулуктар 2018-жылдын жыйынтыгы менен мектептин  балансына коюлат.

 

 Каракол шаары

Тыныбекова Назгүл