Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мырзалардын урматына Жумгалда спорттук мелдеш болуп өттү

 20-февралда 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата  билим берүү кызматкерлери арасында  (эркек мугалимдер) волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул мелдешти Жумгал райондук билим берүү бөлүмү жана Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюму уюштуруп, жогорку денгээлде өткөзө алышты.

Мелдешке  райондун 24 мектебинен куралган 9 курама команда катышып, « Таш-Добо» командасы  баш байгенин ээси болуп  кайтты. Байге фондусу 16000 сомду түзгөн мелдешти  билим берүү профсоюздук уюму каржылап берди.

         Майрамды утурлай сергек энергия топтогон агайлар уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип кайтышты.