“Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2015” кароосунун райондук жеңүүчүсү аныкталды
Ноокен районунда “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2015” кароосунун райондук 1-туру 12-14-октябрь күндөрү өткөрүлүп, комиссия баштапкы профсоюздук уюмдардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыгышты. Комиссия 8 профсоюздук уюмдун материалдарын 2-турунда 22-октябрь күнү карап чыгып райондук кароону жыйынтыктады. Төмөнкүлөр жеңүүчүлөр болушту:1-орун №16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму (Тагаева Нургул –төрайымы), 2-орун №9 Паяз атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму(Асанова Гулзада-төрайымы),3-орун №6 “Арал” орто мектебинин профсоюздук уюму(Зияшева Кансалат-төрайымы) жана №3 “Мээрим” бакчасынын профсюздук уюму (Момуналиева Назгул-профуюштуруучусу).
№16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профсюздук уюму облустук турга катышуу укугун алды. Катышуучуларды сыйлоо 6-ноябрда ото турган “Профсоюз-ишенимдүү тирегебыз”темасындагы райондук профсоюздук иш чарада болмокчу.
Даярдаган:Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү-А.Айдаров.