Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

    Баткен райондук  “2016-жылдын мугалими” кароо-сынагы  26-27-апрель күндөрү Бужун орто жана Бужун гимназия мектептеринин базасында өткөрүлүп, ага айыл аймактарындагы кароо-сынактардан жеңип чыккан 9 мугалим катышты.

    Жобого ылайык конкурсанттар чыгармачыл сабактарды өткөрүшүп, тесттик жана чукул суроолорго жооп беришти, хоббиси менен тааныштырышты, мастер-класс өткөрүштү жана өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

    Жыйынтыгында К.Тагаев атындагы орто мектептен   Моллобаева Динара I, Д.Акматов атындагы орто мектептен Эрматова Нуринса II орунду, Кара-Токой гимназия мектебинен           Исакова Мария III орунду ээлешип, дипломдор, раймамадминистрациянын жана райондук кесиптик бирлик комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

    Ш.Токсонов атындагы орто мектептен Омурзакова Бүүсара “Мыкты сабактын автору”,А.Масалиев атындагы орто мектептен Саидова Махарамай “Мугалим эрудит”, Чек орто мектебинен Мадалиева Толгонай “Келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалим” номинациялары боюнча мыкты деп табылып, Ардак грамотага жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Кароо-сынактын бардык катышуучулары жана уюштуруучулары жайкы каникуль мезгилинде  Ысык-Көлдө экскурсияда болушуп, ден соолуктарын чыңдашат. Ага каражат райондук кесиптик бирлик уюмунан, жол кирелери айыл өкмөттөрүнүн эсебинен каржыланат.

    К.Тагаев атындагы орто мектептен Моллобаева Динаранын чыгармачылык менен эмгектенгендиги, билиминин тереңдиги жана кесипкөйлүгү калыстар тарабынан туура бааланып, облустук “2016-жылдын мугалими” кароо-сынагына жолдомо алды.

   Кароо-сынактын жүрүшүнө Баткен раймамадминистрациясынын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырова, райБББнын башчысы А.Зайитов жана райондук кесиптик бирликтин төрагасы катышышып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен сыйлыктарды тапшырышты жана жаңы ийгиликтерди каалашты.

Билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Баткен райондук

 комитетинин жетектөөчү адиси   Б.Абдыразакова