Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмдары аныкталды

    Баткен райондук комитети жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  «2016-жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмдары» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.  Кароо сынак   райондун аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо, педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу жана алардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулуп, жыл сайын жыйынтыгы чыгарылып келет.

     Райондун аймагындагы 9 айыл өкмөтүнүн ар биринен мыкты деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдары райондук сынакка катышып, төмөнкүдөй упайларга жана орундарга ээ болушту:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтү             – “Ынтымак” б.б.             – 67 упай         – I орун

2. Самаркандек айыл өкмөтү          – “Шоола” б.б.                  – 62 упай        –  VI орун

3. Ак-Татыр айыл өкмөтү               – “Балажан”  б.б               – 60 упай         – VIII орун

4. Кара-Бак айыл өкмөтү                – “Кулунчак” б.б                – 66 упай       – II орун

5. Төрт-Күл айыл өкмөтү               – “Алтын балалык” б.б.    – 65 упай        – III орун

6. Ак-Сай айыл өкмөтү                   –  “Жакшылык”  б.б.         – 59упай         – IX орун

7. Кыштут айыл өкмөтү                  – “Баластан”  б.б.              – 63 упай        – IV орун

8. Дара айыл өкмөтү                       – “Ак тилек”  б.б.               – 61 упай        – VII орун

9. Суу-башы айыл өкмөтү             – “Жетиген” б.б.                  –  62,5 упай    – V орун   

 

     Кароо-сынактын жобосуна ылайык I, II, III орундарды ээлеген “Кулунчак”, “Ынтымак”, “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемелерин сыйлоо  раймамадминистациянын жакынкы күндөрдөгү коллегиясында ишке ашырылат. Ал эми  IV, V, VI орундарды ээлеген  “Баластан”, “Жетиген”, “Шоола” мектепке чейинки билим берүү мекемелери Билим берүү бөлүмүнүн жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин тиешелүү даражадагы дипломдору  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

      Райондук кароо-сынакка катышкан мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетекчилери жана мыкты тарбиячылары үчүн  2017-жылдын июнь-июль айларында Кыргызстандын кооз жайларынын бирине эс алуу  экскурсиясы Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин эсебинен уюштурулат.

 

РКПнын жетектөөчү адиси                                               Б.Абдыразакова