Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмдары аныкталды

Райондун аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо, педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу жана алардын алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатында уюштурулган «2015-жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюмдары» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылдыды.

Комиссиянын чечимине ылайык райондун аймагындагы 9 айыл өкмөтүнүн ар биринен мыкты деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдары райондук сынакка катышып, төмөнкүдөй упайларга жана орундарга ээ болушту:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтү             – “Ак жолтой” б.б.           – 71 упай          – I орун

2. Самаркандек айыл өкмөтү          – “Бала нур” б.б.               – 70 упай          – II орун

3. Ак-Татыр айыл өкмөтү               – “Гүлзар”  б.б                  – 69 упай           – III орун

4. Кара-Бак айыл өкмөтү                – “Барчын” б.б                  – 68 упай           – IV орун

5. Төрт-Күл айыл өкмөтү               – “Алтын балалык” б.б.    – 67 упай           – V орун

6. Ак-Сай айыл өкмөтү                   –  “Эделвейс”  б.б.             – 66 упай          – VI орун

7. Кыштут айыл өкмөтү                  – “Жаңы жылдыз”  б.б.     – 65 упай         – VII орун

8. Дара айыл өкмөтү                       – “Ак тилек”  б.б.               – 64 упай        – VIII орун

9. Суу-башы айыл өкмөтү             – “Жетиген” б.б.                  –  63 упай         – IX орун

 

Кароо-сынактын жобосуна ылайык I, II, III орундарды ээлеген “Ак жолтой”, “Бала нур”, “Гүлзар” мектепке чейинки билим берүү мекемелери раймамадминистациянын, IV, V, VI орундарды ээлеген  “Барчын”, “Алтын балалык”, “Эдельвейс” мектепке чейинки билим берүү мекемелери Билим берүү бөлүмүнүн жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин тиешелүү даражадагы дипломдору  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Райондук кароо-сынакка катышкан мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетекчилери жана мыкты тарбиячылары үчүн  2016-жылдын июнь-июль айларында Кыргызстандын кооз жайларынын бирине эс алуу  экскурсиясы Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин эсебинен уюштурулат.

 

РКПнын жетектөөчү адиси                                          Б.Абдыразакова