Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты тарбиячы-2023» кароо-сынагынын жеңүүчүсү сыйланды

2023-жылда өткөрүлгөн “Мыкты тарбиячы-2023” кароо-сынагында байгелүү орунду ээлеген Жалал-Абад шаарындагы №1 Крупская атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Музаффарова Анджела Мирзавалиевна Жалал-Абад областтык комитети тарабынан “Жалал-Абад” санаториясына жолдомо менен сыйланды.

Жолдомону 2023-жылдын 11-декабрь күнү областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов жакшы каалоо тилектерди айтып тапшырды.

Тарбиячы А.Музаффарова кесипик бирлик жетекчилерине иштеринде ийгиликтерди каалап, ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров